Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
НАРЫН ОБЛУСУНДА “КҮЧТҮҮ ЖАШТАР - КҮЧТҮҮ ӨЛКӨ” АТТУУ ПРОФИЛАКТИКА ЖАНА ОКУТУУ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА

Көрүлдү: 359

2026-жылдын 13-апрелинде Агартуу министрлиги, ЮНИСЕФ жана Жамааттык ЖМКлар бирлиги тарабынан Нарын облусунда профилактикалык жана окутуу иш-чаралары өткөрүлдү.

post.title

Иш-чаранын алкагында Ат-Башы, Кочкор, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында мектеп жетекчилери жана социалдык педагогдор үчүн зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча тегерек столдор жана тренингдер уюштурулду.

Окуучулар үчүн интерактивдүү форматтагы иш-чаралар өтүп, видеолор көрсөтүлүп, “Kahoot” оюну аркылуу балдарды коргоо жана бири-бирин колдоо темалары талкууланды. Активдүү катышкандарга чакан сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер жана психологдор катышып, мугалимдерге практикалык колдонмолор берилди. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинен Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков катышты.

Мындан тышкары, Ийри-Суу айылындагы мектепте мугалимдер үчүн кесиптик этика, коопсуздук жана тобокел тобундагы балдар менен иштөө боюнча кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар