Көрүлдү: 261
Бүгүн, 14-апрелде, Бишкек шаарында “WorldSkills Kyrgyzstan 2026” жумушчу кесиптер боюнча үчүнчү Улуттук чемпионаты башталды.
Чемпионаттын алкагында мелдештер “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” компетенциялары боюнча №18 кесиптик лицейинде, “Ширетүүчүлүк” компетенциясы боюнча №4 кесиптик лицейинде өткөрүлүүдө.
Улуттук чемпионатка ушул жылдын март айында өткөн аймактык мелдештердин жеңүүчүлөрү катышууда.
“Ашпозчу” компетенциясы боюнча финалисттер:
1. Дария Асанова – Бишкек ш., №18 кесиптик лицей;
2. Бактияр Дыйканбаев – Чүй обл., №105 кесиптик лицей;
3. Назик Сагынова – Талас обл., №6 кесиптик лицей;
4. Нурайым Муратова – Ысык-Көл обл., №22 кесиптик лицей;
5. Бекмырза Мурадилов – Нарын обл., №87 кесиптик лицей;
6. Айбийке Маккамбаева – Ош обл., №12 кесиптик лицей;
7. Аксана Авазбекова – Баткен обл., №31 кесиптик лицей;
8. Байсал Тойчуев – Жалал-Абад обл., №89 кесиптик лицей.
“Мода технологиясы” компетенциясы боюнча финалисттер:
1. Халифа Сыргыкова – Бишкек ш., №18 кесиптик лицей;
2. Наима Мадьюн – Чүй обл., №56 кесиптик лицей;
3. Раяна Койчугулова – Талас обл., №110 кесиптик лицей№
4. Акбар Русланов – Ысык-Көл обл., №2 кесиптик лицей;
5. Айдеми Дуйшеналиева – Нарын обл., №87 кесиптик лицей;
6. Тахмина Маматжанова – Ош обл., №16 кесиптик лицей;
7. Хуршидахан Алиева – Баткен обл., №8 кесиптик лицей;
8. Асема Анарбаева – Жалал-Абад обл., №63 кесиптик лицей.
“Ширетүүчү” компетенциясы боюнча финалисттер:
1. Ярослав Черненко – Бишкек ш., №27 кесиптик лицей;
2. Арзымат Койчиев – Чүй обл., №28 кесиптик лицей;
3. Турсунбек Асанбаев – Ысык-Көл обл., №22 кесиптик лицей;
4. Нурболот Осмонкулов – Нарын обл., №26 кесиптик лицей;
5. Эсен Максутов – Ош обл., №62 кесиптик лицей;
6. Абубакиржон Исраилов – Баткен обл., №115 кесиптик лицей;
7. Умар Акунов – Жалал-Абад обл., №75 кесиптик лицей.
Чемпионат 17-апрелге чейин уланып, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курама командасы түзүлөт. Алар 2026-жылдын 22–27-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында өтө турган 48-Эл аралык WorldSkills чемпионатына катышат.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2023-жылы WorldSkills International уюмуна 86-өлкө катары мүчө болгон.