Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
КЕНИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ “МЕКТЕПТЕР2030” III ГЛОБАЛДЫК ФОРУМУНА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

Көрүлдү: 595

Бүгүн, 10-июнда Кения Республикасынын билим берүү министринин орун басары Саломе Майна 11-13-июнь күндөрү Бишкекте өтө турган “Мектептер2030” III Глобалдык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

post.title

Саломе Майнаны “Манас” аэропортунан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева тосуп алды.

“Мектептер2030” III Глобалдык форумунда дүйнөнүн ар тарабынан келген 250 делегат мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу лидерлигин талкуулайт.

Форум Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналган.

Уюштуруучулар – Билим берүү жана илим министрлиги жана Ага Хан фонду.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар