Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БОЛГАРИЯНЫН ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИДАСЫНАН 7 МЕДАЛЬ

Көрүлдү: 1585

Кыргыз Республикасынын окуучулары Болгариянын информатика боюнча XV Эл аралык (International “Advanced Tournament in Informatics– John Atanasoff”) олимпиадасында 4 күмүш, 3 коло медаль жеңип алышты.

post.title

2024-жылдын 18-20-апрелинде онлайн форматта өткөн олимпиадага 14 өлкөдөн Senior (15.5 жаштан жогорулар) жана Junior (15.5 жашка чейинкилер) тайпаларында 500гө жакын окуучу, анын ичинде Кыргызстандын тайпасында 36 окуучу катышты.

Күмүш медаль алгандар:

  1. Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу (Senior),
  2. Али Арапов,  Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу ( Junior),
  3. Абдуллахан Абдирасулов,  Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу (Junior),
  4. Рамазан Маннанов, Кадамжай “Семетей” лицейинин 8-классынын окуучусу (Junior).

Коло медаль алгандар:

  1. Эмил Талыпов, Бишкектеги “Газпром Кыргызстан мектебинин 11-классынын окуучусу (Senior),
  2. Санжар Садирбеков, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин, 10-классынын окуучуcу (Senior),
  3. Нурислам Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейинин, 9-классынын окуучуcу (Junior).

Команданын лидерлери жана машыктыруучулары - Кылычбек Урайымов, Медербек Осмонов, Артем Беляев, Мирбек Бакиров, Талант Арстанов, Зиядхон Атаходжаев, Бексултан Алмазбеков.

Жыйынтыктар:

https://infos.infosbg.com/files/Contests/IATI/2024/common/results_Senior.pdf -Senior
https://infos.infosbg.com/files/Contests/IATI/2024/common/results_Junior.pdf -Junior

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар