Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЗАМАТ НАЙМАНБАЕВ КЫРГЫЗ-РОССИЯ СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИНИН БИРИНЧИ ПРОРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Көрүлдү: 1386

22-апрелде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин биринчи проректору Азамат Найманбаевди эмгек жамаатка тааныштырды.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева “Университет 4.0” форматына өтүү тажрыйбалуу, ишке ашырууга жөндөмдүү лидерлерди талап кылат. Азамат Найманбаев бул ролу үчүн бардык керектүү сапаттарга ээ деп ишенем”, - деп белгиледи.

Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору Денис Фомин-Нилов жаңы проректордун келиши менен окуу жай алдыга койгон максаттарына тез жетип, алдыңкы билим берүү технологиялары үчүн аянтча боло аларын билдирди.

Буга чейин Азамат Найманбаев Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Ал тандоонун бардык этаптарынан ийгиликтүү өтүп, учурдагы чакырыктарды жана билим берүүдөгү трансформацияны терең түшүнгөндүгүн көрсөттү.

“Биздин өнүгүү үчүн негизги программа боло турган концепцияны иштеп чыктык. Жакын арада атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү программаларын ишке ашырууну баштайбыз”, - деди Азамат Найманбаев.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар