Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ ТАНДОО ҮЧҮН КАТТОО БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 283

22-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова жана “Акылман” президенттик лицейинин директору Эмил Рыскулов “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында 2024-2025-окуу жылына карата балдарды “Акылман” Президенттик лицейине кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүүнүн шарттары тууралуу айтып беришти.

post.title

Тандоо жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарынын окуучуларынын арасында калктын социалдык жактан аялуу топторунун, жетим үй-бүлөлөрдүн балдары арасында жүргүзүлөт.

 Тандоо графиги:

— 2024-жылдын 22-апрелинен 2-майына чейин  https://exam.edu.kg сайты аркылуу каттоо жүрөт.

  • I этап: 2024-жылдын 4-, 5-, 6-майында — онлайн тестирлөө,
  • II этап: 2024-жылдын 10-майында — 1-этапта эң жогорку балл алган талапкерлер үчүн онлайн тестирлөө,
  • III этап: 2024-жылдын 14-майынан 20-майына чейин 2-этапта эң жогорку балл алган талапкер үчүн оффлайн тестирлөө.

Тандоонун жыйынтыгында 72 окуучу тандалып алынат, андан сырткары 10 талапкер резервге киргизилет.

Белгилей кетсек, “Акылман” Президенттик лицейи таланттуу жаштарды колдоо жана сыйлоо максатында 2023-жылы ачылган

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар