Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
100 МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧА ЗАМАНБАП ЖАБДУУЛАР ЖАНА ОКУУ МАТЕРИАЛДАР МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛОТ

Көрүлдү: 151

Пресс-анонс

post.title

2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду “Мектептер2030” программасынын алкагында өлкөнүн 100 пилоттук билим берүү уюму үчүн интерактивдүү панел, ноутбук, принтер, проектор жана окуу материалдарды тапшырат.

Бул жабдуулар жана окуу материалдар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн мугалимдер жана окуучулар тарабынан иштелип чыккан инновациялык чечимдерди сунуштарды ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган.

Тапшыруу аземдин башталышы: 2024-жылдын 19-апрели, саат 10:30.

Жери: Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү, 110А, Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы.
Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гульмира Уметалиева, 0554 445566 / 0312 623591.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар