Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН КОНКУРСТУК ТАНДОО ЖҮРӨТ

Көрүлдү: 1697

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына карата балдарды “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.

post.title

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы жана 14-июнундагы “Акылман” Президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыктарынын негизинде иш алып барган билим берүү мекемесине таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарынын окуучуларынын арасында калктын аялуу катмарынын жана жетим балдардын арасында сынактык тандоо өткөрүлөт.

Тандоо лицейдин администрациясы тарабынан төмөнкү графикке ылайык өткөзүлөт:

— 2024-жылдын 20-апрелинен 30-апрелине чейин каттоо жүрөт.

  • I этап: 2024-жылдын 4-, 5-, 6-майында — алдын ала онлайн тестирлөө;
  • II этап: 2024-жылдын 10-майында — 1-этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 2000 (эки миң) талапкер үчүн онлайн тестирлөө;
  • III этап: 2024-жылдын 14-майынан 20-майына чейин 2-этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 700 (жети жүз) талапкер үчүн оффлайн тестирлөө.

Телефонограмма –файл (Пдф)

Белгилей кетсек, “Акылман” лицейин каржылоо толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун эсебинен жүргүзүлөт жана түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш иет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар