Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МУГАЛИМДЕРДИ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛООСУНА КАТЫШУУГА КАТТОО БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 843

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо 2024-жылдын 16-апрелинен 30-апрелине чейин жүргүзүлөрүн маалымдайт.

post.title

Ыктыярдуу аттестациялоонун негизги милдеттердери:

  • мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу;
  • билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
  • мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө дем берүү;
  • педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
  • насаатчылык жана методикалык колдоо системасын өнүктүрүү;
  • билим берүүнүн жыйынтыктарынын сапатын жогорулатуу үчүн мугалимдерди илимий-методикалык жактан коштоонун бирдиктүү системасын түзүү болуп эсептелет.

Санариптик арызды жана портфолиону каттоо үчүн http://ncokoit.kg сайтында “Педагогдорду аттестациялоо” бөлүмүндө “Педагогдорду ыктыярдуу аттестацияга санариптик каттоо” бөлүгүндө атайын шилтеме жайгаштырылган. Бул шилтемеге Google аккаунт аркылуу кирип, берилген форманы туура толтуруп, талап кылынган документтерди PDF форматында жүктөө зарыл.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар