Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА №25 МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУНА КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ

Көрүлдү: 1011

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кыргыз инвестициялык-кредит банкы (KICB) жана Ага Хан өнүктүрүү уюму (АКДН) менен биргеликте жыл сайын жазында уюштуруп келген жашылдандыруу өнөктүгүнө катышты.

post.title

Өнөктүктүн алкагында министр Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы №25 мектепке чейин билим берүү уюмунда көчөт отургузду.

Кыргыз инвестициялык-кредит банкынын “Жашылдандыруу фонду” жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду мектептерде жана бала бакчаларда микроклиматты сактоо максатында жыл сайын миңден ашуун көчөт отургузуп келет. Быйыл бул акциянын алкагында өнөктүктүн алкагында 1130 бак-даракты 11 жерде, таагырагы №35 ЖОББМ, №97 ЖОББМ, №98 ЖОББМ, №102 ЖОББМ, №7 МЧББУ, №17 МЧББУ, №18 МЧББУ, №19 МЧББУ, № 20 МЧББУ, №25 МЧББУ жана акыл-эси кем жана жетим балдар үчүн Краснореченск атайын мектеп интернатында отургузуу иштери жүрөт.

Өткөн жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду өнөктөштөр менен биргеликте борбор калаадагы 101 мектепти жана бала бакчаларды жашылдандыруу иштерин жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө биргелешкен аракеттердин натыйжасында 18 миң 600дөн ашык бак-дарак отургузулган.

Бул акция Кыргыз Республикасын жашылдандырууга жана экологиялык тазалыкка, коомчулукту жаратылышка аяр мамиле кылууга жана жашыл шаарды келечек муундар үчүн сактоого арналган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар