Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
2024-ЖЫЛДЫН “МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ” ТАНДАЛАТ

Көрүлдү: 1103

Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын тармактык тамактануу институту менен биргеликте Кыргызстандагы мектептердин ашпозчулары үчүн “Мыкты мектеп ашпозчусу” сынагына катышууга арыздарды кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

post.title

Арыздар 2024-жылдын 25-майына чейин кабыл алынат. Сынактын шарттары менен таанышуу үчүн – https://clck.ru/39zUzQ

Быйыл сынак жаңы форматта өтүп, өткөн жылдардын жеңүүчүлөрү биринчи жолу конкурстун бардык этаптарында тажрыйба жана идеяларды алмашууга даяр болгон калыстар тобунун мүчөсү болушат.

“Мыкты мектеп ашпозчусу” сынагы биринчи жолу 2019-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн. Жыл сайын өтүүчү бул конкурс Кыргызстандын бардык аймактарынан мыкты мектеп ашпозчуларынын башын бириктирет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар