Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
2025-ЖЫЛДЫН МАЙ АЙЫНА ЧЕЙИН РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 560 КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ

Көрүлдү: 1170

11-апрелде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында министр Догдуркүл Кендирбаева “Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү: 2024-жылы балдарды 40% мектепке чейинки билим берүү программалары менен камсыздоо” темасында презентацияда жасады.

post.title

Министр учурда республика боюнча 1834 мектепке чейинки билим берүү уюму бар экенин белгилеп, мектепке чейинки курактагы  балдардын саны – 1 млн 110 миң 343, балдар бакчасындагы балдардын саны – 220 миң 12, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тарбиячылардын саны – 9 миң 796 экендигин айтты.

“Дүйнөлүк банк менен биргеликте 2025-жылдын май айына чейин республика боюнча 560 кыска мөөнөттүү балдар бакчасы ачылып, мында  40 миң баланы мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми ЮНИСЕФ менен биргеликте 20219-жылдан бери 248 балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлүп, 7 миңден ашуун бала тартылды”, - деди Догдуркүл Кендирбаева.

Мындан сырткары министр Ага-Хан фонду, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Аймактарды өнүктүрүү жана социалдык кызматташтык” коомдук фонду, “Өкмөттүк акселераторлор” программасы, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен биргеликте аткарылган иштер жана административдик-аймактык реформанын алкагында ачылган бала бакчалар тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар