Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ МИНИСТРЛИКТИН “БӨБӨКТАЙ” БОРБОРУН КӨРДҮ

Көрүлдү: 1012

Бүгүн, 11-апрелде КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинде 2024-жылдын 1-мартында мектепке чейинки курактагы балдар үчүн ачылган “Бөбөктай” балдарды эрте өнүктүрүү борбору менен таанышты.

post.title

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева балдарды эрте өнүктүрүү борборунда министрликтин кызматкерлеринин балдары эки сааттан 10 саатка чейинки убакытта боло алышарын айтып, аларды мектепке чейинки билим берүү адистигинде  окуп жаткан студент-практиканттар карай тургандыгын билдирди.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров министрлик буга окшогон моделдерди алдын-ала көрсөтүп турушу керектигин белгилеп, II  кварталда бардык министрлик жана ведомстволордо балдарды эрте өнүктүрүү борборлорун ачууну тапшырды.

Борбордогу өнүктүрүүчү оюнчуктар, көрсөтмө куралдар, килемдер улуттук стилде  коопсуз, экологиялык таза материалдардан жасалган. Ошондой эле муздаткыч, микротолкундуу меш жана телевизор менен жабдылган. Буга кошумча санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталган.

Борборду түзүүнүн негизги максаты – кенже курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер жерлерде ыкчам өнүктүрүү кызматтарын уюштуруу жана анын үлгүсүн көрсөтүү, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана жеке менчик, мамлекеттик өнөктөштүк боюнча бирдиктүү ишмердүүлүк жүргүзүү. Мындай борборду каалаган мекемеде, уюмда, ишканада уюштурууга болот. Айрыкча ошол мекеме-уюмдарда иштеген кызматкерлердин балдары үчүн ыңгайлуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар