Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРЛИК МЕНЕН БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК БИРЛИГИНИН БОРБОРДУК КОМИТЕТИНИН ОРТОСУНДА МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

Көрүлдү: 1312

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ортосунда 2024-2026-жылдарга макулдашууга кол коюлду.

post.title

Кол коюуга билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаев катышты.

Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” КР мыйзамына ылайык,  “Билим берүү жөнүндө” жана “Эмгекти коргоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен социалдык өнөктөштүктү, эмгек мамилелелерин жөнгө салууну чындоо жана өнүктүрүү максатында түзүлдү.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар