Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ОЛИМПИАДАЛАРЫН АКЫ ТӨЛӨӨ НЕГИЗИНДЕ УЮШТУРУУГА ЖАНА ӨТКӨРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛУУ БОЮНЧА БУЙРУК ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 1408

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 5-апрелинде “Мектеп окуучулары арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө” № 627\1 буйругу чыкты.

post.title

Буйрукка ылайык, олимпиадалар КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген жобонун негизинде гана жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.

Ошондой эле райондук\ шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн\башкармалыктарынын, облустук усулдук билим берүү борборлорунун, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат. Буйрукту аткарбаган жетекчилер, жеке жоопкерчиликке тартылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар