Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН IV ЭТАБЫНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 626

“Ар бир өлкөнүн келечеги – бул таланттуу жаштар. Ар бириңер жеңишке татыктуусуңар, талыкпаган эмгек, ийгиликке умтулуу, атаандаштык менен күрөштө жеңип чыгып, өлкөбүздүн мыкты окуучуларынын катарын толуктап турасыңар. Силерге окшогон адамдар илимге, маданиятка, искусствого жаңылык киргизип, келечекке жол ачат”, - деди Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабынын ачылыш аземинде.

post.title

Олимпиаданын ачылыш аземи бүгүн, 26-мартта Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болду. 

Министр жылдан-жылга олимпиадаларды өткөрүүнүн шарттары,тапшырмалардын мазмуну өзгөртүлүп жатканын белгилеп, окуучуларга ийгилик каалады.

Республикалык олимпиадага буга чейинки III (облустук) этапта жеңишке жеткен 324 окуучу 12 предмет боюнча катышууда.

Бардык этаптагы олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.

Олимпиаданы Билим берүү жана илим министрлиги Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте өткөрүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар