Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА 2024-2026-ЖЫЛДАРЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН 7 БАГЫТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРДЫ

Көрүлдү: 845

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн министрликтин коллегиялык жыйналышында 2024-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүнүн 7 приоритеттүү багыты менен тааныштырды.

post.title

1-багыт: Мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү.

Максат: 2024-жылы мектепке чейинки билим берүү менен 40% камтуу.

2-багыт: Мектептик билим берүүнүн, анын ичинде окуу китептерин басып чыгаруунун сапатын камсыз кылуу.

Максат: 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү.

3-багыт: Санариптик билим

Максат: Өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлинде билим берүүнү санариптештирүүнү камсыз кылуу.

4-багыт: Мамлекеттик тил 

Максат: Мамлекеттик тилди эне тил катары жана экинчи тил катары окутуунун натыйжалуу системасын түзүү.

5-багыт: Коомчулук менен иштөө (Ата-энелер менен өз ара аракеттенүү жана балдарды тарбиялоо)

Максат: Балдарды коргоону, алардын өнүгүүсүн жана келечекке даярдыгын камсыз кылуу

6-багыт: Башкарууну оптималдаштыруу (административдик-аймактык реформанын алкагында)

Максат: Билим берүүнү башкаруунун жаңы модели

7-багыт: Атаандаштыкка жөндөмдүү кесиптик билим берүү

Максат: Кесиптик билим берүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүк деңгээлин жогорулатуу

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар