Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ӨЗГӨЧӨ МАКАМДАГЫ ЖОЖдор ТОПТОЛГОН КАРАЖАТТАРЫН ИЛИМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЙТ

Көрүлдү: 2454

“Жогорку кесиптик билим берүү системасында өсүү өнүгүү точкалары - өзгөчө статуска ээ 5 университет болуп саналат. Академиялык жана финансылык эркиндикти колдонуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү биринчи натыйжаларын берип жатат”, - деди билдирди Догдуркүл Кендирбаева министрликтин коллегиялык жыйналышында.

post.title

Анын айтымында, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бюджети 1 миллиард сомго чейин өсүп, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бюджети 1 миллиард 400 миллион сомго жеткен.

Өзгөчө макамдагы университеттер топтолгон каражаттарды илимди, технологияны, инновацияларды, стартаптарды, лабораторияларды өнүктүрүүгө багытташат.

Министрликтин атайын буйругу менен 2023-жылдын ноябрында өзгөчө макамдагы жождор билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мектептерди көзөмөлгө алышкан.

Мындан сырткары Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, жогорку окуу жайларында бизнес-идеяларды илгерилетүү үчүн “Студенттик стартап” пилоттук программасын ишке ашыруу башталды.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында “Кытай университети – Кытай ишканасы – Кыргыз университети” кызматташуу модели боюнча Лу Бань атындагы цехтер түзүлүүдө.

Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн биринчи жолу Дүйнөлүк банктын 25 миллион долларлык долбоору иштелип чыгып, ратификациялоодон өтүп жатат. Долбоор инновацияларга, прикладдык изилдөөлөргө жана изилдөө лабораторияларына, инновациялык университеттерди, Алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүүгө багытталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар