Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ СЫЯКТУУ ЭЛЕ, КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ҮЧҮН ДА ӨЗГӨЧӨ МАКАМДАГЫ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН ТҮЗҮҮ МААНИЛҮҮ”

Көрүлдү: 612

“Жумушчу кесиптерди өздөштүргөн биздин мигранттар колдоого муктаж. Мигранттардын окууга көп убактысы жок болгондуктан, биз микро курстарды жана электрондук модулдарды иштеп чыктык. Системанын уникалдуулугу каалаган ыңгайлуу убакта онлайн окууга болот”, - деп билдирди Догдуркүл Кендирбаева министрликтин коллегиялык жыйналышында жасаган баяндамасында.

post.title

Анын айтымында, мындан тышкары 3 кесиптик лицейдин базасында мигранттарды колдоо борборлору жана 10 кесиптик лицейдин базасында миграцияга чейинки даярдоо борборлору ачылган.

Ошондой эле формалдуу эмес билим берүү тармагында алынган көндүмдөрдү таануу максатында министрликтин алдында Көз карандысыз сертификация жана валидация борбору түзүлгөн. Бул тигүүчүлүктү жакшы билсеңиз, өз алдынча үйрөнгөн өнөрүңүздү далилдеп, расмий документ алып, жумушуңузду жакшырта аласыз дегенди билдирет.

Минитр Догдуркүл Кендирбаева 2 жылдын ичинде 80 иш берүүчү уюмду тартуу менен дуалдык билим берүүнү киргизген кесиптик лицейлердин саны 11%дан 42%га чейин өскөнүн белгилеп, бул окуу жайлардын дээрлик жарымы өндүрүштүк окутууну иш берүүчүлөрдүн базасында өткөрөт дегенди билдирерин айтты. 

“Жогорку окуу жайлары сыяктуу эле, кесиптик лицейлер үчүн да өзгөчө статустагы окуу жайларын түзүү маанилүү. Өзгөчө укуктарды жана эркиндиктерди пайдаланып, мындай билим берүү мекемелери системаны алдыга жылдырган флагман болушу керек”, - деди министр.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар