Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
2023-ЖЫЛЫ 100 МИҢДЕН АШУУН ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕР КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТТЫ

Көрүлдү: 557

2022-жылы мугалимдердин эмгек акысы 80% көбөйтүлдү. Бул 3 жылда биринчи жолу мугалимдердин жетишсиздиги менен кырдаалды өзгөртүүгө жана аны 4 эсеге кыскартууга мүмкүндүк берди. Окуу жылынын башталышына карата 698 мугалим жетишпейт.

post.title

Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта министр Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйналышында билдирди.

Догдуркүл Кендирбаева 2023-жылы педагогдордун потенциалын жогорулатууну уюштуруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылганын жана өткөн жылы биринчи жолу 100 миңден ашуун педагогикалык кызматкер квалификациясын жогорулатканын белгиледи. 

Мындан сырткары министр 2022-2023-жылдары конкурстук негизде 1084 мектеп директору дайындалган жана учурда дагы 333 бош орун бар экенин айтты. 

Министрдин айтымында, 2023-жылы 2350 мектеп 1-класстан 11-класска чейин 1 миллион 447 миң окуучуну кабыл алган жана бул 2022-жылга салыштырмалуу 40 миң окуучуга көп. Бул жыл сайын мектептерде демографиялык басым күчөп бараткандыгын көрсөтөт. Алсак, 2011-жылы 149 миң бала төрөлсө, 2019-жылы 173 миң бала төрөлгөн.

Министр Догдуркүл Кендирбаева мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу - өзгөчө маанилүү маселе экендигин белгилеп, министрлик мектептер сапаттуу окуу китептерин үзгүлтүксүз алып туруусу үчүн, сапаттуу окуу китептерин даярдоо системасын түзүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгын билдирди. Буга кошумча Кыргызстандын мектептери үчүн эң мыкты чет элдик окуу китептерин адаптациялоо боюнча тапшырманы аткаруу үчүн эң белгилүү эл аралык окуу китептерин кыргыз тилине которуу (Оксфорд, Кембридж, Маршалл Кавендиш ж.б.) боюнча иштер башталгандыгын кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар