Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БАЛДАРДЫ ЭРТЕ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ЖУМШАЛГАН АР БИР ДОЛЛАР ҮЧҮН 13 ДОЛЛАР ЭКОНОМИКАГА КАЙТАРЫЛАТ”

Көрүлдү: 2479

“Бала бакчаларды ченемдик каржылоого өтүүнүн жаңы механизми иштелип чыкты, ошондой эле билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук режимде 2024-жылдын 1-сентябрынан баштап киргизүү мыйзам менен бекитилди. Бул мамлекет мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик бала бакчаларда гана эмес, жеке менчик бала бакчаларда да каржылайт дегенди билдирет”, - деди коллегиялык жыйналыштагы баяндамасында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева.

post.title

Министрдин айтымында, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы уктоочу жайларды окуу жана оюн аянтчаларына айландыруунун форматы иштелип чыккан. 

Догдуркүл Кендирбаева Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2022-2023-окуу жылында бала бакчалардын жалпы саны 122 объектке көбөйүп, 1834кө жеткенин, балдарды типтүү бала бакчаларга камтуу 220 миң 12 баланы түзгөндүгүн билдирди.

“Бала бакчалар мындан ары лицензиялоону талап кылбай, кабарлоо системасына өтүүдө. Баланын интеллекти үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жана эрте өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүнө байланыштуу - жеке бала бакчаларды түзүүдө мүмкүн болушунча бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралар көрүлдү”, - деди министр. 

Мындан сырткары министр Догдуркүл Кендирбаева балдарды эрте өнүктүрүүгө жумшалган ар бир доллар үчүн 13 доллар экономикага кайтарылат деп кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар