Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КОРЕЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ТААНЫШУУДА

Көрүлдү: 272

Кыргызстандын ЖОЖ өкүлдөрүнөн турган делегация Кореянын билим берүү системасы жана билимди баалоо ыкмаларын үйрөнүү" аттуу семинарына катышууда.

post.title

Семинардын жүрүшүндө Кореянын стандарттар жана баалоо боюнча институтунун адистери Кореянын билим берүү системасы, билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча ыкмалар, окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо системасы, электрондук окуу китептерин түзүүгө болгон ыкмалар жана окутууда инновациялык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Делегациянын курамында Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору У.Э. Мамбетакунов, профессор А.Молдокулов атындагы УИТМЛдин директорунун милдетин аткаруучу Ж. У. Ибрагимов жана ОшМУнун ага окутуучусу Э. А. Мидинова бар.

Семинар Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Кореянын стандарттар жана баалоо боюнча институту (KEDI), Кореянын билим берүүнү өнүктүрүү институту (KEDI) жана Кореянын Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар