Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
https://kaktus.media/ сайтына жарыяланган «Иштебеген электрондук күндөлүккө 10 млн сом которушканбы?» аталышындагы макалада айтылгандар боюнча түшүндүрмө

Көрүлдү: 1143

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги https://kaktus.media/ сайтында жарыяланган «На неработающий электронный дневник потратили 10 млн сомов?» (Иштебеген электрондук күндөлүккө 10 млн сом которушканбы?) аталышындагы макалада (https://kaktus.media/doc/451320) камтылган айрым маалыматтарды төгүндөйт жана «Акылдуу мектеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгып, ишке киргизүү багытында жасалган жана жасалып жаткан иш-аракеттердин хронологиясы менен тааныштырат.

post.title

2019-жылдын 5-июлунда «Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасын мектептерде пилоттук негизде иштетүү үчүн министрлик тарабынан конкурс жарыяланган. Конкурсту өткөрүүнүн жобосу жана программалык каражаттын техникалык шарттары даярдалып, министрликтин сайтына жайгаштырылган (http://old.edu.gov.kg/ru/news/ministerstvo-obrazovaniya-i-nauki-kr-obyavlyaet-konkurs-dlya-opredeleniya-pobeditelej-v-ramkah-pilotnogo-proekta-po-vnedreniyu-ais-kndlk/).

Конкурсту өткөрүүнүн жобосуна ылайык кызыкдар тараптар өздөрүнүн документтерин 2019-жылдын 26-июлуна чейин тапшырышкан. Конкурска 10 юридикалык жана жеке жактардан документтер кабыл алынган жана ал документтерди ведомстволор аралык конкурстук комиссия 2019-жылдын 5-7-августунда карап, жыйынтыгын чыгарган. Катышкан 10 компаниянын сегизине пилоттук долбоордо иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген (http://old.edu.gov.kg/ru/news/kr-bilim-ber-zhana-ilim-ministrligi-kndlk-ams-ishke-kirgiz-chn-pilottuk-dolboordun-zhechlrn-zharyyalajt/).

Алар:

  1. «TLN Company» ЖЧКсы
  2. «ИРТех» АКсы
  3. «Медас Холдинг» ЖЧКсы
  4. «Alphabet It Group» ЖЧКсы
  5. «АРХИ Компани» ЖЧКсы
  6. Жеке ишкер С.А. Балтабаев («EDUGATE» компаниясы)
  7. «ИСБ» ЖЧКсы
  8. «Дисковери» ЖЧКсы 

Жобого ылайык ар бир жеңүүчү тарап менен келишимдер түзүлүп, пилоттук негизде иштөө үчүн 10дон мектеп берилген жана пилоттук долбоор учурунда бардык кызматтар акысыз көрсөтүлгөн.

Ушул жерден баса белгилеп кетүүчү нерсе: жеке ишкер Сагындык Балтабаевдин «азыр «Акылдуу мектеп» деп аталган электрондук күндөлүк системасын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө 10 млн сом бөлүнгөн» дегени негизсиз. Анткени 2019-жылы аталган системаны иштеп чыгууга республикалык бюджеттен эч кандай каражат бөлүнгөн эмес.

Пилоттук долбоор 2019-жылдын 31-декабрына чейин уланган. Долбоорго катышкан компаниялардын арасынан «АРХИ Компани» ЖЧКсы келишимдеги шарттарга макул болбогондугуна байланыштуу пилоттук долбоордон четтетилген.

Демек, жеке ишкер С. Балтабаевдин «Ушул маселени тескеген Нурлан Омуров 30-сентябрда министрдин орун басары кызмат ордуна дайындалгандан кийин тендерди жокко чыгарып, программаны иштеп чыгууну кайрадан түзүлгөн «Соцсервис» мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Бул мамлекеттик ишкана министрдин орун басары дайындалган күнү ачылган» дегени чындыкка дал келбейт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Соцсервис» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы №340 токтому менен түзүлгөн.

Ошондой эле С. Балтабаевдин «жокко чыгарылган тендердин алкагында бөлүнгөн каражаттар «Соцсервиске» жумшалган» дегени да негизсиз, анткени 2019-жылы Билим берүү жана илим министрлиги «Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга эч кандай тендер жарыялаган эмес.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган «Күндөлүк» пилоттук долбоорунун жүрүшүн көзөмөлдөө, компаниялардын жана мектептердин ишин талдоо «Сапат» эл аралык билим берүү уюмуна берилген. Аталган уюм компаниялар жана мектептер тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу министрликке маалымат берип турган.

2020-жылдын 4-февралында «Сапат» билим берүү мекемеси пилоттук долбоордун жүрүшү жана жыйынтыктоочу текшерүү тууралуу презентация жасаган. Презентацияга пилоттук долбоорго катышкан компаниялардын өкүлдөрү, «Сапат» билим берүү уюмунун өкүлдөрү жана билим берүү министринин орун басары катышкан. Презентацияда ар бир тараптын пилот учурундагы жетишкендиктери, кемчиликтери айтылган. Долбоорго катышкан «TLN Company» ЖЧКсы министрлик менен келишим түзүлгөндөн кийин тийиштүү деңгээлде иш алып барбай, бөлүнгөн мектептерде эч кандай иш-аракеттер жасалган эмес. Ошондуктан «Сапат» эл аралык билим берүү уюмунун акыркы берген анализинде бул компаниянын жасаган иштери тууралуу маалымат жок.

Пилоттук долбоордун жыйынтыгы менен министрлик:

  • Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын инфраструктуралык (интернет, компьютерлер) абалын тез арада жакшыртуу керек;
  • Мугалимдердин компьютердик, маалыматтык технологиялар менен иштөө жөндөмдүүлүн жогорулатуу зарыл;
  • «Акылдуу мектеп» аталышындагы бирдиктүү системаны иштеп чыгып, ишке киргизүү керек деген чечимдерге келген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы №98-б буйругу менен «Акылдуу мектеп» маалыматтык системасын иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы (мурдагы аталышы: Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети) «Соцсервис» мамлекеттик ишканасына 23 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн сумманын канча бөлүгү иштетилгендиги тууралуу кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен алса болот.

Учурда бул система 70 мектепте иштетилип жатат.

2021-жылдын 21-июнундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №47-б буйругу менен «Акылдуу мектеп» маалыматтык системасын модернизациялап, 2022-жылдын сентябрына чейин 1000 мектепке киргизүүгө акча каражаты бөлүнгөн.

Министрлик тарабынан 2021-жылдын 16-сентябрында «Акылдуу мектеп» маалыматтык системасы боюнча тендер жарыяланган (тендердин номери: 210916298547859, суммасы: 8 923 350 сом). Тендер 2021-жылдын 30-сентябрында ачылып, 3 жактын («Инфоком» мамлекеттик ишканасы, жеке ишкер Балтабаев Сагындык Аманбекович жана «АВН» ЖЧКсы) катышкандыгы белгилүү болду. Бирок катышуучулардын документтери туура болбой, кайрадан тендер жарыялоого туура келди. Тендер 2021-жылдын 17-декабрында ачылып, тендердик комиссия кароо ишин баштады.

Азыркы учурда өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында бир нече компания бул багытта кызмат көрсөтүүдө.

Министрлик билим берүү жаатындагы санариптик трансформацияны өнүктүрүү, ата-энелерге жана мектептерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ата-энелер үчүн да, мектептер үчүн да акысыз болгон “Акылдуу мектеп” бирдиктүү маалыматтык системасын киргизүүгө аракеттенүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар