Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЛА-БУКА РАЙОНУНДА АУТИЗМ БОЮНЧА 2 КҮНДҮК СЕМИНАР ӨТТҮ

Көрүлдү: 328

Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмү маалымдагандай, 5-6-марта Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунда “Аутизм деген эмне? Балдарыбызга кантип жардам бере алабыз” темасында семинар өткөрүлдү.

post.title

Семинарга Ала-Бука айыл аймагына караштуу 7 мектептин социалдык педагогдору, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга багытталган “Кадам сайын кадам”, “Сезимтал бала” инклюзивдик ийримдери бар. Ошондой эле учурда СDI (Crosslink Development International) Эл аралык өнүктүрүүчү кайрымдуулук фондунун колдоосунда 8 айыл аймагынан логопед-деффектолог мугалимдер даярдалууда.

Белгилей кетсек, бул иш Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмү менен Crosslink Development International фонду тарабынан кол коюлган меморандумдун негизинде жүзөгө ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар