Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БАТКЕН ОБЛУСУНДА “ОКУУ КЕРЕМЕТ!” ДОЛБООРУНА 22 МИҢДЕН АШУУН ОКУУЧУ КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 1630

5-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова Баткен шаарында USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун натыйжалары жана жетишкендиктери” аталышында тегерек столуна катышты.

post.title

Облустук билим берүү институтунун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, педагогикалык жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери, балдар адабият китептеринин авторлору, Баткен облусундагы максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, китепканачылары жана администрация өкүлдөрү долбоор боюнча иштин жыйынтыктарын сунушташып, натыйжаларды башталгыч билим берүү системасында бекитүүнү талкуулашты.

2020-2024-жылдары долбоордун Баткен облусу боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары:

- 176 мектеп жана 8 коомдук китепкана окутуу жана усулдук колдоо боюнча иштерге активдүү катышышты;

- 1505 башталгыч класстардын мугалимдери окуу жана жазуу боюнча 72 сааттык окутуу тренингдерин ийгиликтүү аякташты;

- 297 башталгыч класстардын мугалимдери математиканы окутуунун методикасы боюнча 144 сааттык окуудан өтүп, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институнун жана облустук билим берүү институтунун  сертификаттарын алышты;

- 380ге жакын методист жана мектеп администрация өкүлдөрү мугалимдерди методикалык колдоо жана менторинг процессинде технологияларды колдонуу боюнча тренингдерге катышты;

- 176 максаттуу мектептер математикалык сандыкчаларды, мугалимдер үчүн дидактикалык материалдардын топтомун жана кошумча окууга жаңы балдар китептерин алышты;

- Ата-энелерди жана жергиликтүү коомчулукту тартуу менен функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча класстан тышкаркы иш-чараларга 22 000ден ашуун окуучу катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар