Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИРИНЧИ УЛУТТУК ОНЛАЙН САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 544

5-мартта Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда 5-6-класстын окуучулары үчүн “Интернеттеги коопсуздук” темасында биринчи улуттук онлайн сабак өткөрүлдү.

post.title

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева биринчи улуттук онлайн сабакка республика боюнча 217 мектептен 4 миңден ашуун окуучу катышып жаткандыгын маалымдап, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго сөз берди.  

Акылбек Жапаров билим алуунун, эне жана чет тилдерин үйрөнүүнүн мааниси, интернет булактары, аларды туура колдонуу тууралуу айтып берди. Ошондой эле МинКаб башчысы убакыт баарынан кымбат экендигин белгилеп, мектептеги убактыңарды туура колдонгула деген кеңешин айтты. 
Онлайн сабакка ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэки катышты.

Белгилей кетсек, Zoom платформасында сабакты өткөрүү Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ тарабынан камсыздалды.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар