Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АПТА ИЧИНДЕГИ ЖОЖ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Көрүлдү: 484

ДАЙДЖЕСТ

post.title

* Билим берүү жана илим министрлиги менен «Интернет Коомунун Кыргыз филиалы» коомдук бирикмесинин ортосундагы кызматташуу меморандумунун алкагында иштелип чыккан «Санариптик сабаттуулук» жана кыргыз тилиндеги Python боюнча окуу материалдары эми И.Арабаев атындагы КМУнун сайты аркылуу студенттер жана мугалимдер үчүн жеткиликтүү.

* И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Positive Technologies компаниясы киберкоопсуздук тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

* И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кампусунда 2-студенттерди тейлөө борбору ачылды.

* 2023-жылы ОшМУнун студенттери окуу-өндүрүштүк комплексте 2 миллион сомдук продукция өндүрүргөн.

* Медициналык инженерия факультетинин студенттери жана КММАнын Enactus командасы Сколковонун адистеринин кол протези боюнча семинарына катышты. КММАнын Enactus командасы бейтаптарды кабыл алууга жана протез жасоого активдүү катышкан.

* КРСУнун жетекчилиги Сколково илим жана технология институтунун делегациясы, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен эң популярдуу багыттарда адистерди даярдоо боюнча долбоорду ишке ашырууну талкуулашты.

* Ош технологиялык университетин бүтүргөн кытайлык студенттердин дипломдору Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу чет өлкөлүк дипломдорду таануу жана баалоо боюнча CSCSE уюму тарабынан таанылат. CSCSE тарабынан берилген квалификациялардын салыштырмалуулугу жөнүндө билдирүүсү кытайлык иш берүүчүлөр тарабынан кеңири кабыл алынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар