Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИН КОНКУРСТУК ТАНДОО ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ ТОКТОМГО КОЛ КОЮЛДУ

Көрүлдү: 4399

22-февралда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №79 Токтомуна кол коюлду.

post.title

Токтомго ылайык жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси конкурстук тандоонун негизинде 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен дайындалат. Сыноо мөөнөтүн ийгиликтүү өткөн учурда иш берүүчү менен 5 жылга мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт.

Токтом расмий жарыяланган күндєн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 27-февралда «Эркин-Тоо» гезитинде 2024-жылдын 22-февралындагы №79 Министрлер Кабинетинин Токтому жарыяланды.

Жобонуну толук эрежелери менен бул жерден толук таанышсаңыздар болот ► файл

Жобо

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар