Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
PISA ИЗИЛДӨӨСҮНӨ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 1612

28-февралда Билим берүү жана илим министрлигинде PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү боюнча семинар өткөрүлдү.

post.title

PISA изилдөөсү 15 жаштагы окуучулардын сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн баалайт, ошондуктан 2025-жылы тандалган кесиптик лицейлердин окуучулары катышууга тартылышы мүмкүн.

Семинарга кесиптик лицейлердин директорлору, методисттери жана мастерлери онлайн форматта катышышты.

Семинарда министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова, Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова, Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Асель Камчиева, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун улук окутуучусу Рахат Ибраимова баяндамаларды жасашты.

► Файл: Р. Ибраимова. Функционалдык сабаттуулук компетенцияларын калыптандыруу жана баалоо.

PISA  жөнүндө кененирээкhttps://edu.gov.kg/organizations/21/pages/246/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар