Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛЧИ НИКОЛАС БОУЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 1369

28-февралда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева элчи Николас Боулерге бүгүнкү кездешүү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтык абдан жемиштүү жана узак мөөнөттүү болоруна ишеним артарын белгиледи. 

Ошондой эле министр Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын билим берүү министринен май айында өтүүчү иш-чарага катышуу үчүн чакыруу алганын айтты. 

Элчи Николас Боулер билим алуунун жеткиликтүүлүгү камсыз кылуу үчүн жогорку окуу жайлардын жана мектептердин STEM предметтери боюнча мугалимдерин англис тили боюнча окутуу демилгесин колдой тургандыгын айтып, медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерин дагы англис тилине окутууну сунуштады. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар