Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
Бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик лицейлердин жетекчилери үчүн тренингдер өткөрүлүүдө

Көрүлдү: 1124

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фондунун кызматташуусунун алкагында бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик лицейлердин директорлорун “Камкорчу кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча окутуу иши этап-этабы менен жүзөгө ашырылууда.

post.title

Бул демилге “Кыргыз Республикасындагы мектептерди жакшыртуу үчүн коомдоштуктарды тартуу” долбоорунун алкагында башталган.

Долбоордун максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн облустук билим берүү институттары жана координациялык билим берүү борборлору, ошондой эле аймактык билим берүү органдары тарабынан Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фондунун колдоосунда республиканын бала бакчаларындагы, мектептериндеги жана кесиптик лицейлериндеги камкорчу кеңештер институтун күчөтүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.   

Тренингдердин биринчи этабы боюнча 400дөн ашык улуттук машыктыруучу ийгиликтүү даярдалды.

Кыска мөөнөттө, ушул жылдын октябрында, даярдалган улуттук машыктыруучулар бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик лицейлердин 2600дөн ашуун директорлорун окутушту. Мындай окутуу оң натыйжаларды берди: аймактык билим берүү органдарында Камкорчу кеңештердин ишин координациялоо жана жакшыртуу үчүн улуттук машыктыруучулар катарында негизги адистер дайындалды, ошондой эле көмөкчү бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик лицейлердин базасында Камкорчу кеңештерди түзүү жол-жоболору тууралуу окутуу аянтчаларын түзүү процесси жүрүүдө.   

2021-жылдын 15-ноябрынан 23-ноябрына чейин улуттук машыктыруучуларды камкорчу кеңештердин коомдоштуктар, ата-энелер жана педагогикалык коомчулук алдында социалдык отчёт берүү маселелери боюнча улуттук машыктыруучулардын окутуу тренингдеринин экинчи этабы өткөрүлдү.

Тренингдер курсунун жыйынтыктары боюнча улуттук машыктыруучулар ушул жылдын декабрында бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик лицейлердин директорлорун окутууга киришет. Анын натыйжасында мониторинг жүргүзүлүп, иштин натыйжасы жалпыланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар