Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийинки окутуунун форматы боюнча билдирүү

Көрүлдү: 816

Ушул жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорду уюшкандыкта өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын кээ бир билим берүү уюмдарынын (мектеп, бала бакча, университет ж.б.) имараттарында участкалык шайлоо комиссияларын убактылуу жайгаштырууга уруксат берилген.

post.title

Шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү, участкалык шайлоо комиссиясы жайгаштырылган билим берүү уюмунун имаратында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу участкалык шайлоо комиссиялары убактылуу жайгаштырылган билим берүү уюмдары гана 29-ноябрда бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт, ал эми калгандары өз ишин кадимки режимде, салттуу форматта уланта беришет.

Учурдан пайдаланып, коомчулукту окуу процессине байланыштуу такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматтарга гана таянууга чакырабыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар