Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТА БИЛИМ БЕРГЕН КОЛЛЕДЖДЕРДИН КӨЧМӨ КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Көрүлдү: 2609

Бүгүн, 15-июнда Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндө педагогикалык адистиктердин өнүктүрүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин көчмө коллегиясынын жыйыны өттү.

post.title


Коллегиянын жыйынына билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, КР Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн эксперти Медербек Өмүрбеков, министрликке караштуу мекемелердин жетекчилери жана педагогикалык багыттагы колледждердин директорлору катышты.

Жыйындын катышуучулары педагогикалык багытта билим берген колледжердин директорлорунун колледждин өнүгүү стратегиялары, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү боюнча жасаган баяндамаларын угуп, талкуулап, сунуштарын айтышты.

Көчмө коллегиянын жыйынынын токтому



 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар