Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУ МЕКТЕБИ МЕНЕН ӨЗ АРА ТҮШҮНҮШҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Көрүлдү: 805

13-июнда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана International & «Anglia Examinations» тобунун директору Стив Беннистер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Anglia» англис тилин окутуучу мектебинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

post.title

Меморандум атайын жана инклюзивдик билим берүү тармагында адистерди даярдоо боюнча кызматташууну бекемдөөгө жана өркүндөтүүгө багытталган.

Документте англис тили мугалимдерин даярдоо, студенттик жана академиялык алмашуу программасы, китеп басып чыгаруу, мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү ресурстарын иштеп чыгуу, мектепке чейинки билим берүү жана кош квалификация ыйгаруу жаатындагы биргелешкен иш-чаралар каралган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар