Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАКШЫРТУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 487

Билим берүү жана илим министрлигинде 13-июнда балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарынын эксперттери, донорлору, директорлору жана методисттери менен жолугушуу болуп, анда инклюзивдик билим берүү боюнча буга чейин иштелип чыккан курстарды, модулдарды иштеп чыгуу жана консолидациялоо маселелери талкууланды.

post.title

Талкуунун жыйынтыгында адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын гибриддик (HyFLex) форматтагы тажрыйбасы менен таанышуу, инклюзивдик билим берүү боюнча сунуш кылынган материалдарды «Билимдүү муун» санарип платформасында жайгаштыруу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча маалымдоо процессин санариптештирүү максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Инфоком» МИ, «Түндүк» жана «Санарип Аймак» системаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун катышуучулары турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүнү каалаган жеке ишкерлер үчүн порталды түзүү боюнча техникалык тапшырмаларды карап чыгышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар