Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ АГА ХАН ӨНҮКТҮРҮҮ УЮМУНУН ӨКҮЛДӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫ

Көрүлдү: 2299

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Борбордук Азия университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Шамш Кассим-Лакханы (Shamsh Kassim-Lakha) жана Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Баркат Фазалды кабыл алды.

post.title

Министр Ага Хан өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрүнө Португалияда өткөн «Мектеп 2030» глобалдык форумуна чакыруусу жана 2024-жылы форумду Кыргызстанда өткөрүү үчүн эстафетаны тапшыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Каныбек Иманалиев доктор Шамш Кассим-Лакхага билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуусу үчүн медаль тапшырды.

Тараптар билим берүү долбоорлорун ишке ашырууда кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар