Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЖЕНЕВАНЫН КООПСУЗДУК САЯСАТЫ БОЮНЧА БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 369

2023-жылдын 9-июнунда Женевада Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен Женеванын коопсуздук саясаты боюнча борбору (GCSP) директорунун орун басары, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Кристина Орисич менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздук жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча Борбордук Азиянын мамлекеттик кызматкерлери жана эксперттери үчүн Кыргызстанда биргелешкен окуу иш-чараларын уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Кыргыз тарап мындай иш-чараларды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын базасында уюштурууну сунуштады.

Башкармалыктын башчысы кыргыз тараптын сунушун кароого даяр экендигин билдирди. Кристина Орисич борбордо 63 кыргызстандык окуудан өткөндүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн GCSP билим берүү программаларынын кеңири спектринин мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга чакырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар