Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ИШТЕГЕН БАЛДАР ҮЧҮН МИНИСТРЛИКТЕ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 488

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы тарабынан иштеген балдар үчүн министрликтерде жана ведомстволордо ачык эшик күнүн уюштуруу демилгеленген.

post.title

12-июнда иштеп жаткан төрт бала “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесинин кызматкеринин коштоосунда Билим берүү жана илим министрлигине келди. Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын кызматкери Салтанат Өмүрканова борбордук аппаратка экскурсия жасап, билим берүү тармагы тууралуу айтып берди. Балдар мектептеги жакшы көргөн сабактары, кесип тандоосу жөнүндө айтып беришти. Жолугушуунун жыйынтыгында балдарга жыл бою мектептен тышкары билим алууга мүмкүнчүлүк берилип, “Сейтек” жана “Алтын түйүн” борборлорунда билим алуу үчүн сертификаттар тапшырылып, Чыңгыз Айтматовдун китептери белекке берилди.

Кошумчалай кетсек, 12-июнь – Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күрөшүү күнү. Бул дата Эл аралык эмгек уюму тарабынан балдар эмгегинин эң начар формаларына каршы туруу жана балдарды мектептеги билим берүүгө тартуу максатында бекитилген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар