Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
РОССИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 2341

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Ибраев 8-9-июнда Казань шаарында өтүп жаткан билим берүү министрлеринин “Келечекти калыптандыруу” эл аралык форумуна катышуунун алкагында Россия билим берүү академиясынын (РБА) вице-президенти Виктор Басюк менен жолугушту.

post.title

Тараптар ар бир уюмдун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча маалымат алмашышты.

Россия билим берүү академиясы заманбап мектеп окуучусу менен студенттин изилдөөсү, мугалимдерди окуу жана илимий-методикалык жактан камсыздоо, билим берүүнүн, насаатчылык, окуучуларга психологиялык колдоо көрсөтүүнүн жаңы методикасы, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, агартуу тармагындагы долбоорлору жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Алмаз Ибраев адеп-ахлактык тарбияны, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында:

  • диссертациялык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жаатында РБА Кыргыз Республикасынын адистештирилген уюмдары менен координациясын камсыз кылуу;
  • мектепке чейинки, жалпы билим берүү тармагында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Эл аралык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча илимий кеңештин ишине катышуу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруу;
  • билим берүү тууралуу илимдер жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерин иштеп чыгуу, Эл аралык илимдер академияларынын ассоциациясынын Билим берүүнү өнүктүрүү боюнча илимий кеңешинин алкагында биргелешкен иштерди жүргүзүү, ошондой эле эки өлкөнүн илимпоздору үчүн өз ара стажировкаларды жана консультацияларды уюштуруу жаатындагы макулдашуулар жетишилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар