Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЮНЕСКОнун ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БЮРОСУНУН ДИРЕКТОРУ ЯО ИДО МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 2335

9-июнда Женева шаарында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ЮНЕСКОнун Эл аралык билим берүү бюросунун директору Яо Идо менен жолугушту.

post.title

Министр Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНЕСКОнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн Туруктуу өнүгүү максаттары - 4 (ЦУР-4)  ишке ашыруунун алкагындагы тыгыз жана жемиштүү кызматташтыгын белгиледи.

Директор Яо Идо ЮНЕСКОнун Эл аралык билим берүү бюросунун ишмердүүлүгүнүн багыттары, сапаттуу жаңы билим берүү системасын түзүү жана өлкөлөрдө билим берүү системасынын улуттук потенциалын бекемдөөгө көмөктөшүү тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Яо Идо ЮНЕСКОнун ар бир өлкөдө билим берүү системасын жана тиешелүү окуу материалдарынын сапатын баалоого көмөктөшүү боюнча эксперттик позициясы бар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр К. Иманалиев Кыргызстандын билим берүү тармагынын өнүгүүсү жана 2024-жылдын июнь айында Бишкекте өткөрүү пландалган Schools2030/Мектептер2030” Глобалдык форуму жөнүндө айтып, Бюро башчысы Яо Идону форумдун ишине катышууга чакырды.

Яо Идо министр Каныбек Иманалиевдин форумга чакырганына ыраазычылык билдирип, форумдун маанилүү темасын эске алуу менен алдыдагы "Ар бир адамдын билим алуусу - жалпыга бирдей мүмкүнчүлүк" Форумунун мазмундуу бөлүгүн даярдоо иштерине активдүү катышууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар