Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИРГЕЛЕШКЕН МЕКТЕПТЕРДИ КУРУУ ДОЛБООРУНУН ЧЕКТЕРИНДЕГИ КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 650

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Ибраев 8-9-июнда Казань шаарында өтүп жаткан билим берүү министрлеринин “Келечекти калыптандыруу” эл аралык форумуна катышууда.

post.title

31 өлкөдөн келген 100дөн ашуун коноктор билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү жолдорун карашат. Иштиктүү программанын жүрүшүндө билим берүү форумунун катышуучулары экономиканы өнүктүрүүдө билим берүүнүн орду, сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгү, жаштар менен иш алып баруу, балдардын эс алуусу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөө, орус тилин үйрөтүү маселелерин талкуулашат.

Алмаз Ибраев Башкыртстандын жогорку окуу жайларынын Ректорлор кеңешинин төрагасы, М.Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов менен жолугушуп, анда биргелешкен мектептерди куруу долбоорунун алкагында кызматташуу, орус-кыргыз мектептери үчүн мугалимдерди максаттуу даярдоо маселелери талкууланды.

Форум Россия Федерациясынын эл агартуу министрлиги менен Татарстан Республикасынын өкмөтү тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар