Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДА 2024-ЖЫЛЫ «АР БИР АДАМДЫН БИЛИМ АЛУУСУ-ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ МҮМКҮНЧҮЛҮК» ГЛОБАЛДЫК ФОРУМУ ӨТӨТ

Көрүлдү: 877

7-июнда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2024-жылы Кыргызстанда “Билим берүү жана климаттын өзгөрүшү” темасында өтө турган “Schools2030” Глобалдык форумуна төрагалык кылуу милдетин алды.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүүнүн, илимдин жана экологиялык тарбиянын заманбап дүйнөдөгү маанисин белгилеп, заманбап тенденцияларга ылайык, өлкөнүн билим берүү мекемелери 1-сентябрга карата санариптик билим берүү платформасына өтүүгө даярданып жаткандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 5-июндан 7-июнга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев башында турган Кыргызстандын делегациясы Португалиянын Порту шаарында өтүп жаткан “Мектептер 2030/ Schools2030” Глобалдык форумуна катышты.

Иш сапардын алкагында Каныбек Иманалиев Порту шаарынын мэри Руи Морейра менен жолугушту. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Португалия Республикасынын билим берүү жана илим министри Жоао Коста (João Costa) менен академиялык жана илимий ишмердүүлүк жаатында кызматташуу маселелери талкуулады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар