Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
2024-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДА “МЕКТЕПТЕР 2030” ГЛОБАЛДЫК ФОРУМУ ӨТӨТ

Көрүлдү: 824

Кыргызстандын делегациясы 5-7-июнь күндөрү Португалиянын Порту шаарында өтүп жаткан “Мектептер 2030/ Schools2030” Глобалдык форумуна катышууда.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Португалия Республикасынын билим берүү министри Жоао Костадан (João Costa) 2024-жылы “Мектептер 2030/ Schools2030” Глобалдык форумун өткөрүү эстафетасын кабыл алды.

Форумдун ишине КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, Португалиянын Билим берүү жана илим министри Хуан Коста, Ага Хан Фондунун өкүлү Хана Майк Боулз, Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк фондунун өкүлү Иэн Макферсон жана башка эл аралык донорлор катышты.

Маалымат үчүн: Ага Хан Фондунун “Schools2030” программасынын максаты — билим берүү тармагын изилдөө жана 10 өлкөнүн 1000 окуу жайында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн чечимдерди издөө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар