Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
РЕСПУБЛИКАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА КАЙРА ДАЯРДОО ИНСТИТУТУНУН ДИРЕКТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

Көрүлдү: 896

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин 2023-жылдын 2-июнунда кол койгон №104/3 буйругуна ылайык, Жунушалиева Калыйбүбү Кеңешбековна министрликтин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору кызматына 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

post.title

Жунушалиева Калыйбүбү Кеңешбековна

Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы.

Туулган күнү: 01.01.1961

 

Билими:

1979-1984-ж.ж. – Кыргыз мамлекеттик университети, география факультети;

1994-1997-ж.ж. – Кыргыз билим берүү институту, "Географияны окутуунун методикасы" адистиги боюнча аспирантура;

2004-жылы – Россиянын билим берүү академиясында илимий стажировка;

2008-ж. – "Жалпы педагогиканын теориясы жана тарыхы" 13.00.02  жана "Географиянын теориясы жана методикасы" 13.00.02 адистиги боюнча кандидаттык диссертацияны жактоо;

2015-ж – “Педагогика” адистиги боюнча доцент илимий наамы.

Кесиптик ишмердүүлүгү:

1984-1992-жж. – Бишкек шаарындагы №28 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тарбиячы;

1992-1993-жж. – Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүнүн улук лаборанты;

1993-1997-жж. – Бишкек шаарындагы №5 гимназиянын география мугалими;

1997-2007-жж. – Табигый-математикалык предметтер лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери;

2007-2017-жж. – Кыргыз билим берүү академиясынын “Менеджмент, технология жана искусство” кафедрасынын башчысы;

2017-2019-жж. – Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык билим берүү тармагынын  көйгөйлөрү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери;

2019-жылдан азыркы учурга чейин –И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун табигый-математикалык билимдер кафедрасынын доценти;

2021-жылдан азыркы учурга чейин –КББАнын социалдык-гуманитардык билим берүү тармагынын көйгөйлөрү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери.

Машыктыруучулук ишмердүүлүгү:

2009-2012-жж. – ЮСАИДдин “Сапаттуу билим” долбоору;

2013-2014-жж. – Бүткүл дүйнөлүк банктын  жана Орусия өкмөтүнүн READ долбоору;

2014-2017 -жж. – ЮСАИДдин “Бирге окуйбуз” долбоору;

2021-жылдын февралынан 2022-жылдын май айына чейин – ЮСАИДдин “Керемет окуу!” долбоорунун Улуттук тренери;

2021-жылдын сентябрынан 2022-жылга чейин –  Германия шериктештигинин туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү программалары мастер-тренер;

2012-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо” долбоору;

2019-2021-жж. – “Кыргыз Республикасында туруктуу мектептердин тармагын түзүү аркылуу туруктуу жашоо образын стимулдаштыруу" долбоорунун эксперти жана тренери;

2018-2022 - жж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Азия өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоору;

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар