Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ КЕМБРИДЖ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ӨЗ АРА ТҮШҮНҮШҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

Көрүлдү: 2871

Бүгүн, 2-июнда Билим берүү жана илим министрлиги менен Кембридж университетинин Европа жана Азия боюнча билим берүү реформасы департаментинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

post.title

Меморандумга кол коюуга билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен Кембридж университетинин Европа жана Азия боюнча билим берүү реформасы департаментинин башчысы Стив Кинг катышты.

Меморандумдун алкагында окуу китептерин улуттук окуу планына жана баалоого шайкеш келтирүү менен басып чыгаруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, иштер жүргүзүлмөкчү.

Министр китептердин алгачкылары Ысык-Көл облусунда ачыла турган Президенттин IT-академиясында окутула баштарын белгиледи.

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар