Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРЛИК КЕМБРИДЖ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КИТЕП БАСЫП ЧЫГАРУУ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШАТ

Көрүлдү: 2812

Бүгүн, 2-июнда билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Кембридж университетинин Европа жана Азия боюнча билим берүү реформасы департаментинин башчысы Стив Кинг менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда Кембридж университетинин китептерин Кыргызстандын улуттук жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык келтирүү менен окуу китептерин басып чыгаруу, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин которуу, окуу китептерин пайдалануу боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери сүйлөшүлдү.

Ошондой эле китептерди басып чыгарууда STEM предметтерине өзгөчө көңүл буруу сунушталды.

Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Стив Кингге китеп басып чыгаруу жаатындагы сунушун жогору баалап, ыраазычылык билдирди.

Стив Кинг Кембридж университетинин Европа жана Азия боюнча билим берүү реформасы департаменти буга чейин көптөгөн өлкөлөр менен китеп басып чыгаруу жаатында ийгиликтүү кызматташканын, анын ичинде коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрү дагы бар экенин айтты. Ошондой эле ал Кембридж университетинин максаты – глобалдык билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү болуп саналарын кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар