Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖРТ: КОШУМЧА ТЕСТИРЛӨӨ 23-24-ИЮНДА ӨТӨТ

Көрүлдү: 3097

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөөгө ар кандай себептер менен өз убагында катыша албай калгандар үчүн 23-24-июнда кошумча тест өткөрүлө тургандыгын маалымдайт.

post.title

Каттоо Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында жана Ош шаарындагы Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө 12-июндан 21-июнга чейин жүргүзүлөт. Тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында гана өтөт.

Эгерде абитуриент быйыл ЖРТга катталып, бирок кандайдыр бир себептер менен катышпай калган болсо, анда каттоо номери менен кайрадан каттоодон өтүшү керек. Бул учурда абитуриент 3-форманы (тестирлөөнүн орду, датасы көрсөтүлгөн талонду) жана инсандыгын тастыктаган документти алып келиши керек. Катталуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк кабыл алынбайт.

Эскертүү!

ЖРТнын мурунку этаптарына катыша албай калган жарандар гана каттала алат. Бул жылы тестирлөөдөн четтетилген абитуриенттер кайрадан каттоодон өтө албайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар