Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ РОССИЯЛЫК ДЕЛЕГАЦИЯ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 778

2023-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Россия Федерациясынын Президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар ​​аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Антон Рыбаков баштаган делегация менен жолугушту.

post.title

Тараптар билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашты. Талкууда кыргыз-орус мектептерин түзүү, Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин ишмердүүлүгү жана биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча маселелер каралды.

Жыйындын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун милдеттери жана мөөнөттөрү бекитилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар