Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 683

Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында негизги жалпы билим берүү программалары боюнча 2022-2023-окуу жылы үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүлүүдө.

post.title

Бүгүн, 2-июнда республика боюнча кесиптик лицейлерде 11-класстын бүтүрүүчүлөрү эне тили жана адабиятынан (эссе) жазышат.

7-июнда математикадан/алгебрадан (комплекстүү тест жазуу түрүндө), 12- июнда Кыргызстандын тарыхынан (оозеки), 16-июнда кыргыз тилинен (орус тилинде окуган класстарда) жана орус тилинен (кыргыз тилинде окуган класстарда) комплекстүү тест жазуу түрүндө жана тандалган предметтер боюнча сынактар болот. 

Белгилей кетсек, башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан быйыл экинчи жылы экзамендер Zoom аркылуу көзөмөлдөнөт.

Кесиптик лицейлерде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияларды тапшырууга бардык даярдыктар көрүлгөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар