Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН МЕКТЕПТЕРДЕ МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ЧОГУЛТУУГА ТЫЮУ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ БУЙРУГУ ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 2048

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын 1-июнунда №3363/1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу жөнүндө” буйрукка кол койду.

post.title

Аталган буйрук Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун сактоого багытталган жалпы орто билимдин жалпыга жеткиликтүүлүгү билим алуу укугун камсыздоо максатында чыкты.

Буйрукта төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) мыйзамсыз акча каражатын чогултууга;

- мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын алдында коомдук фонддорду жана башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө.

Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, административдик кызматкерлери, мугалимдери тарабынан мыйзамсыз акча каражаттарын өндүрүү, же окуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү боюнча аныкталган фактылар боюнча күнөөлүү жакты ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чараларын көрүү каралган. 

Буйруктун толук тексти 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар